2024-04-30

«Жаз деми-2024» футбол таймашы


2024-жылдын 27-апрель күнү Жогорку кесиптик колледжибиздин программалары арасында «Жаз деми-2024» аттуу футбол боюнча таймаш болуп өттү. Бул таймаш мүдүрүбүз Махмут Вурал,  Мехмет Рүштү Чифтчи агайларыбыздын колдоосу жана студенттерибиз Алыбеков Эрлан, Дюшебеков Султанмураттын демилгеси менен уюштурулду.

Таймашка 1-2-курстар биргелешип команда түзүп катышышты. «Жаз деми-2024» таймашында Компьютердик программалоо программасынын студенттери жеӊишке жетишти. Экинчи орунду Курулуш программасынын командасы ээлесе, үчүнчү орунду Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо программасынын студенттери ээлешти. Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарга медаль, дипломдор тапшырылды.